Меню
Эл-Сөздүк

Материальная ответственность

МАТЕРИАЛДЫК ЖООПКЕРЧИЛИК – КР мыйзамдарына ылайык эмгек келишиминин бир тарабына келтирилген зыяндын ордун экинчи тараптын толтуруусу боюнча эмгек келишиминдеги тараптардын (жумуш берүүчү жана жумушчу) милдеттенмеси. Эмгек келишиминде ушул келишимдин тараптарынын М. ж-ги айкындаштырылышы мүмкүн. Ошону менен бирге, жалдоочунун жалдануучу алдындагы келишимдик жоопкерчилиги КР эмгек мыйзамдарында каралгандан төмөн, ал эми жалдануучунун жалдоочунун алдындагы жоопкерчилиги жогору болбоого тийиш. Зыян келтирилгенден кийин эмгек келишимин бузуу эмгек келишиминин тараптарын жоопкерчиликтен бошотпойт. Эгерде КР мыйзамдарында башкача каралбаса бир тараптын укукка каршы жүрүм-турумунун (аракети же аракетсиздиги) жана күнөөлүү укукка каршы жүрүм-турум менен келтирилген зыяндын ортосундагы себептик байланыштын натыйжасында М. ж. пайда болот. Жалдоочу жумушчуга берилбей калган эмгек акысы жана жумушчунун жоголгон же бузулган мүлкү түрүндө зыяндын, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурларда моралдык зыяндын ордун толтурат. Жумушчу жалдоочуга анын мүлкүнүн жоголгон же бузулган түрүндө, ошондой эле ашыкча акчалай төлөмдөрдү жүргүзүү зарылдыгынын ордун толтурат.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Материальная ответственность

Русский Кыргызский
Ответственность. милдеттенме
Ответственность сторон Тараптардын жоопкерчилиги
ответственность сторон. тараптардын жоопкерчилиги кирет.
Ответственность за ущерб Зыян үчүн жоопкерчилик
Люди несут ответственность. Элдер жооптуу
Имущественная ответственность Мүлктүк жоопкерчилик
Ответственность сторон в аренду Лизинг субъекттеринин жоопкерчиликтери
Ответственность по авторскому договору Автордук келишим боюнча жоопкерчилик
Ответственность патентного поверенного Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жоопкерчилиги
Ответственность налоговых консультантов Салык консультанттарынын жоопкерчилиги
Ответственность за нарушение прав авторов Авторлордун укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ответственность за нарушение прав авторов Авторлордун укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ответственность за ущерб, причиненный Клиенту Керектөөчүгө келтирилген залал үчүн жоопкерчилик
Ответственность за совместно причиненный вред Биргелешип келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
Ответственность за нарушение настоящего Закона Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ответственность за коммерческой тайны раскрытия. Коммерциялык сырды санкциясыз ачыкка чыгаргандык үчүн жоопкерчилик.
Что-нибудь из этого свою ответственность сегодня? Бир нерсе кылса болот, абалды оңдосо болот деген ойлор мага бир нече жолу айтылган.
Ответственность за нарушение охранного документа Коргоо документин бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ответственность за несоблюдение настоящего Закона Ушул Мыйзамды сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Ответственность партнеров по общим обязательствам Жалпы милдеттенмелер боюнча шериктердин жоопкерчилиги

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: